Пентагондун мурдагы кеңешчиси: Россия жакында Одессаны бошотушу мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Россиянын куралдуу күчтөрү жакында Одессаны бошотушу мүмкүн экенин Пентагондун мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор билдирди.
"Окуя дал ушундай аяктайт деп эсептейм. Россиянын аскерлери кирип келгенде Украинанын куралдуу күчтөрү эч нерсе кыла албай калышат. Одессага алар сөзсүз киришет", — деген эксперт.
Буга чейин Херсон облусунун губернатору Владимир Сальдо РИА Новостиге ал жерде референдум өтсө Одесса менен Николаев шаарлары Россиянын курамына кирүүгө добуш берерин айткан. Ал шаардыктар тынч жашоону каалаарын айтты. Эл күчкө салган мобилизациядан, Украинанын коопсуздук кызматынын жана чыгыш "кураторлорунун" диктатурасынан тажагандыгын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Пентагон Ак үйгө Киевге "Томагавк" берүүгө уруксат берди