НАТО өкүлүнүн Россия менен согушка даярдыгы боюнча айтканына Песковдун жообу

Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков НАТОнун баш катчысы Марк Рюттенин Россия менен согушка даярдык көрүү зарыл деп айтканына комментарий берип, бул Экинчи дүйнөлүк согуш кандай болгонун унуткан муундун өкүлүнүн билдирүүсү экенин белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бейшемби күнү Рютте Германиянын канцлери Фридрих Мерц катышкан маалымат жыйында Европа өлкөлөрүн "россиялыктар менен күрөшүүгө" даяр болуу үчүн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүнү айткан.
Ал ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттерге альянс Россиянын "кийинки бутасы" экенин ырастап, аларды аскердик жааттан ой жүгүртүүгө чакырган. РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров 11-декабрда Россиянын НАТО жана ЕБдин өлкөлөрүнө каршы эч кандай агрессивдүү планы жок экенин жана мындай кепилдиктерди жазуу түрүндө берүүгө даярдыгын билдирген.

"Бул Экинчи дүйнөлүк согуш эмне экенин унутууга үлгүргөн муундун өкүлүнүн билдирүүсү болсо керек", — деп билдирген Песков "Россия 1" телеканалынын журналисти Павел Зарубинге.

Пентагондун экс-кеңешчиси: Украинанын артынан НАТО менен ЕБ кыйрайт