БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Оштун Өзгөн районундагы жолдо болгон кырсык эки киши менен ымыркайдын өмүрүн алды. Бул туурасында аталган облустун жол милиция кызматы билдирди.
Кырсык 12-декабрда болгон.
Саат 22:20 чамасында Daewoo Matiz автоунаасы каршы тилкеге чыгып, Kia K3 менен кагышкан.
Мунун кесепетинен биринчи автокөлүктөгү үч киши көз жуумп, дагы үчөө ооруканага жеткирилген.
Милициядан автоунаалар айып короого токтотулуп, чогултулган материалдар тергөө кызматына өткөрүлгөнүн айтышты.