БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргыз гидрометеорология кызматы бир жумага карата, тактап айтканда, 15-декабрдан 21-декабрга чейинки аба ырайынын божомолун таратты.
Ага көз жүгүртсөк, жума жаан-чачындуу, карлуу болмокчу.
Бишкекте 16-декабрда жана 17-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Калган күндөрү кар түшөт.
Чүй, Талас
Аймакта 16-декабрда гана күн ачык болот. Башка күндөрү кар жаашы күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен
Түштүк аймактарында дагы дүйшөмбү, 16-декабрда, күндүз аба ырайы бузулбайт. Калган күндөрү кар жаай турганын айтышты.
Ысык-Көл, Нарын
Түндүк аймактарында жума ичи кар жаап, күн суук болот. 16-декабрда гана жаан-чачын болбойт.
Көпчүлүк облустарда жолдор тоңуп, тайгалак болот. 15-декабрда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.