БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкекте кафеде мушташкан үч кыз кармалганын шаардык милициядан кабарлашты.
Окуя 13-декабрга караган түнү Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан тамактануучу, эс алган жайда болгон.
Чыр салгандарга алгач Тез чара көрүүчү топ келип, бирок ызы-чууну баса алган эмес. Анда соң милиция чакырылып, анда да кыздар кызматкерлер менен айтышып, сөгүп, айласын кетирген.
Натыйжада "Майда бейбаштык" беренеси боюнча 31, 30 жана 20 жаштагы үч кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.