15-декабрга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. 15-декабрь, дүйшөмбүдө, айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында -1...+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көлдө +1...+6 градус болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр 0...-5 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы борбор калаада +2…+4, Ош шаарында +7...+9 градуска көтөрүлөт.
Кар жаап, күндүн көзү бузулат. Келерки жумага карата аба ырайы