Министрлер Кабинети “Эл Дөөлөтү — Эмгек” аттуу эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты иш менен камсыз кылуу программасынын долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Агай ылайык, программа 2030-жылга чейин ишке ашырылат. Бул документ Президенттин 2021-жылы кабыл алынган жарлыгынын негизинде даярдалган. Анын негизги максаты — өлкө ичиндеги жумуш орундарын көбөйтүү, жарандардын ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана чет өлкөгө иштегени кетүүнү азайтуу.Программада аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы, чыгымдарды эсептөө тартиби жана аткарылышын көзөмөлдөө көрсөткүчтөрү каралган.Программа республикалык бюджеттин каражаттарынын жана башка мыйзамдуу булактардын эсебинен ишке ашырылат. Министрликтер менен мекемелер пландагы иштерди өз убагында аткарып, белгиленген жыйынтыктарга жетиши керек.Программанын аткарылышы боюнча отчетторду Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарым жылда бир жолу Президенттин Администрациясына тапшырып турары айтылган.
Энергетика министрлиги дифференциалдык тарифтерди өзгөртүүнү сунуштады. Жаңы долбоордо электромобилдерди кубаттоочу станциялар, өнөр жай жана коммерциялык керектөөчүлөр гана өз каалоосу менен сутканын убактысына жараша арзан тарифке өтө алат. Элге тарифтер мурдагыдай эле калат. Дифференциалдык тариф — сутка ичинде баа ар кандай болуп өзгөрүп турган система.
Бишкекте дагы бир "тез байытам" деген компания аныкталып, негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, компанияга алдандым деп 157 жаран арыз жазган. Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен иш козголгон."Компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тиешелүү документтер алынды. Алдамчылыкка шектелип, анын 67 жаштагы негиздөөчүсү убактылуу кармоочу жайга камалды", — деп айтылат маалыматта. Милиция жарандарды "тез жана кепилденген киреше" убадалагандарга ишенбөөгө чакырат. Эч кандай тобокелчиликсиз жогорку киреше тууралуу убадалар каржы пирамидасынын негизги белгилеринин бири экенин эстен чыгарбоо керек.