БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф апта соңунда Владимир Зеленский жана Европа лидерлери менен Украинадагы абалды жөнгө салууну талкуулоо үчүн Берлинде жолугат. Бул тууралуу Wall Street Journal өзүнүн булактарына таянуу менен жазды.
Маалымат бергендердин айтымында, жолугушууга Франция президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британиянын премьери Кир Стармер жана Германия канцлери Фридрих Мерц катышат.
WSJ шаршемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп ЕБ лидерлери менен телефондон катуу сүйлөшкөнүн жазды. Ал европалык өнөктөштөрүн Зеленскийди Вашингтон сунуштаган тынчтык планына макул болууга ынандырууга чакырган.
АКШнын тынчтык планын талкуулоо
Өткөн жумада РФ лидери Владимир Путин Уиткофф менен Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнерди кабыл алган. Тараптар беш саатка чукул планды талкуулап, бирок бир пикирге келе алышкан эмес.
Путин Вашингтон пландагы 27 пунктуну төрт бөлүккө бөлүп, ар бирин өзүнчө кароону сунуштаганын билдирген болчу. Прзидент ар бирин карап чыгып, “Москва кабыл ала албай турган да жерлери бар” экенин белгилеген.
Өз кезегинде Зеленский дүйшөмбү күнү Британияга барып, америкалык планды Стармер, Макрон жана Мерц менен талкуулаган. Украин ЖМКларынын жазганына караганда, жолугушуудан кийин ал кайрадан аймактардан баш тартуу сунушун четке каккан.
Axios порталынын маалыматы боюнча, Киев кечээ Вашингтонго америкалыктардын акыркы сунушуна болгон жообун жөнөткөн.