БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек арада зым тартылгандан кийин видеокамераларды орнотууну тапшырганын атайын кызматтан билдиришти.
Аткаминер кечээ, 12-декабрда, Баткен облусундагы Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстандын мамлекеттик чек аралары бириккен аймакта орнотулган стелага барып, чек арадагы зым тосмолордун сапатын текшерген.
"Зымдарды тартып бүткөндөн кийин бардык чек ара тилкелеринин көрүнүктүү-көрүнүктүү жерлерине видеокамараларды орнотобуз. Дайыма басып жүрө бербей чек арадагы абалды ошондон эле карап тургудай бололу. Андан тышкары, тартылган зымды бойлото сөзсүз жол салынышы керек", — деген Ташиев.
Белгилей кетсек, учурда Тажикстан менен болгон чек аранын 80 пайызына зым тартылып бүткөн. Толугу менен кийинки жылы бүтмөкчү.