БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Садыр Жапаровдун катышуусунда салттуу "Мурас" достук футбол турнири башталганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Турнирдин ачылышы Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясында өтүп, ага 16 команда катышууда. Мелдеш 13-14-декабрь күндөрү өтөт.
Турнирдин катышуучулары:
"Президенттин командасы" (президент, өкмөт мүчөлөрү ж.б. жетекчилер);
"Өнөр" (маданият жана искусство өкүлдөрү);
"Фемида" (сот бийлигинин өкүлдөрү);
"Журналисттер" (ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер);
"Спорт чеберлери" (спорт федерацияларынын өкүлдөрү, спорт жылдыздары);
"Иш башкармасы" (президентинин иш башкармалыгынын кызматкерлери);
"Аймактар" (губернатор, мэр, райондордун акимдери);
"Ыйман" (дин өкүлдөрү);
"Ден соолук" (медициналык мекемелердин жетекчилери);
"Билим" (окуу жайлардын жетекчилери);
"Юстиция" (юстиция органдарынын кызматкерлери);
"Коопсуздук" (улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери);
"Динамо" (укук коргоо органдарынын өкүлдөрү);
"Көзөмөл" (прокуратура органдарынын кызматкерлери);
"Элчилер" (дипломатиялык корпустун өкүлдөрү);
"Достук" (диаспоралардын жетекчилери).
Мелдешти мамлекеттик телеканалдар түз алып көрсөтүүдө.