Милиция дагы бир "тез байытам" деген компанияга иш козгоду

Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бишкекте дагы бир "тез байытам" деген компания аныкталып, негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, VML_KG компаниясына алдандым деп 157 жаран арыз жазган. Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен иш козголгон.
"Компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тиешелүү документтер алынды. Алдамчылыкка шектелип, анын 67 жаштагы негиздөөчүсү убактылуу кармоочу жайга камалды", — деп айтылат маалыматта.
Милиция жарандарды "тез жана кепилденген киреше" убадалагандарга ишенбөөгө чакырат. Эч кандай тобокелчиликсиз жогорку киреше тууралуу убадалар каржы пирамидасынын негизги белгилеринин бири экенин эстен чыгарбоо керек.
Бишкекте бирөөнүн 43 миң долларын алдап алган "көзү ачык" кармалды