БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу Омар Ливаза БАЭде өтүп жаткан дүйнө биринчилигинин күмүш медалын тагынды.
63,5 килограмм салмак категориясында рингге чыккан мекендеш финалда россиялык спортчу Илья Попов менен күч сынашкан.
Эскерте кетсек, Ливаза – IBА биринчилигинин финалына чыккан алгачкы кыргызстандык боксчу. Чечүүчү беттешке өзбекстандык спортчуну, андан кийин Армения, Азербайжан жана Замбиянын мушкерлерин жеңип чыккан.