Бишкекте бирөөнүн 43 миң долларын алдап алган "көзү ачык" кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бишкекте бирөөнүн 43 миң долларын алдап алууга шектелген "көзү ачык" кармалганын шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүбү-бакшылык кылган шектүү аял ушул жылдын май айынан октябрь айынын аягына чейин "бизнеске жол ачып берем" деген шылтоо менен жана ар кандай ритуалдарды жүргүзүү аркылуу жабырлануучунун ишенимине кирип, 43 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып, таптырбай кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен иш козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Биринчи май райондук милициясы 25 жаштагы М.К. аттуу жаранды кармаган.
"Ал өзүн эмчи-домчу катары тааныштырып, жарандардын ишенимине кирүү жолу менен ар кандай тармактарда "жол ачып берүүнү" убада кылып, акча талап кылган. "Ритуалдардын" жүрүшүндө акчаны көрүстөндөргө калтырууну талап кылып, жип, ийне жана башка буюмдарды колдонгон", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү тергөө абагына киргизилип, иликтөө уланууда. Милиция башка да жабыр тарткандарды издеп жатат.
Бишкекте алдамчылар аялдын миллион сомго чукул акчасын котортуп алышкан