14-декабрга карата аба ырайы

14-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жекшембиде күндүз аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаап, туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Баткенде 7…12, Талас аймагында 5…10, Ош, Жалал-Абад облустарында 8…13, Ысык-Көл жергесинде 3...8, Нарын өрөөнүндө -4…1 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ош шаарында 9…11 градуска жетет.
Ташиев чек арада зым тартылгандан кийин видеокамераларды орнотууну тапшырды