Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Министрлер Кабинети жогорку жана орто кесиптик билим берүү тармагындагы нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди.Ага ылайык, жогорку окуу жайларында жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуу жылынын башталышын министрлик аныктайт Окутуунун узактыгы, анын аякташы, жумалык окуу жүктөмү, экзамендик сессиялардын жана каникулдардын узактыгы, ошондой эле практикалык окутуунун түрлөрү окуу пландарында белгиленет. Аудиториялык сабактардын узактыгы 40–50 мүнөттүн чегинде кесиптик жогорку окуу жайдын уставы менен аныкталат. Окуу жылынын ичинде билим алуучулар үчүн жалпы узактыгы 10 жумадан кем эмес, анын ичинде кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес болгон каникул каралат.Белгилей кетсек, аталган токтом кабыл алынган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз улакчылары ушу тапта Афганстанда өнөрүн көрсөтүп, тажрыйба бөлүшүп жүргөнүн Көк бөрү федерациясы билдирди. Маалымат катчы Самат Жумакадыровдун айтымында, чет жакта уюштурулган турниде Манас Ниязов, Өмүрбек Эсен уулу, Рустам Тыналиев, Кубаныч Султан уулу, Дастан Русланов, Исхак Бекболот уулу, Аскат Аскаров жана Баяман Муралим уулу улак тартып жүрөт. Мелдеш былтыр да уюштурулуп, ага Өзбекстан менен Казакстандан да спортчулар чакырылган. "Үч мамлекеттен барган улакчылар жергиликтүү командаларга кошулуп оюн көрсөтүшкөн. Кубаныч Султан уулу, Дастан Русланов кошулган команда жеңүүчү аталган. Ошондон кийин дагы бир турнир өтүп, ага да Кубаныч менен Дастан чакырылган. Ал эми мунусунда башка өлкөлөрдөн улакчылар чакырылбай, күйөрмандарынын суранычы менен жалаң эле кыргыз көк бөрүчүлөрү чакырылды. Жалпы 8 улакчы барган. Жергиликтүү командаларга экиден спортчу кошулуп оюн көрсөтүп жатышат", — деди Жумакадыров. Көк бөрү Афганстанда бузкаши деп аталып, кеңири жайылган оюн болуп саналат.
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандан жана Казакстандан Россия Федерациясына автомобиль транспорту менен товарларды жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ташып кирүү мөөнөтүн 25-декабрга чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Тиешелүү документ укуктук актыларды расмий жарыялоо сайтында жайгаштырылган. Путиндин жарлыгы менен маркаланбаган жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн продукциясы катары тастыктаган документтерсиз эле товарларды ташып кирүүгө уруксат берилди. Мурунку мөөнөт 10-декабрга чейин гана болчу.