БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Азенбек Козукеев кол алдындагыларды жаңыча иштөөгө чакырды.
Ал Балыкчы жана Кемин аймагын кыдырып, жолдон автоинспекторлорду көрбөгөнүн айтып, сындаган.
"Бишкектен Балыкчыга чейин бир да инспекторду көргөн жокмун", — деди ал.
Козукеев кездешкен кемчиликтерди дароо жоюуну, жол тазалаган кызматтар менен тыгыз иштешүүнү жана аларды коштоп жүрүүнү тапшырды.
Буга чейин ал Бишкек — Ош жолундагы "Сосновка" постун таң атпай барып текшерип, жылынып отурган кызматкерлерди сыртка чыгарып, кыймылды жөнгө салууну тапшырган.