БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстан 2026-жылы 15 миң даана электромобиль ташып кирүүгө квота алды. Бул тууралуу Москвада өткөн ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында белгилүү болду.
Мындан тышкары, жыйын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду:
2030-жылга чейинки мезгилге жана 2045-жылга чейинки мезгилге ЕАЭБ алкагында экономикалык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын "Бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бажы органдарынын ресурстарын оптималдуу пайдалануу максатында тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жана ыкмаларды унификациялоо" механизминин макулдашылбаган иш-чаралары жөнүндө буйрук;
2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилге өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын "Евразиялык экономикалык жол"механизминин иш-чаралар планы жөнүндө буйрук;
2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясынын стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 9.1.1 пунктунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө буйрук;
ЕАЭБ алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө буйрук;
ЕАЭБде идентификациялоо каражаттары аркылуу товарларды маркалоо системасын андан ары өнүктүрүү жөнүндө буйрук;
ЕЭК коллегиясынын "Кытай Эл Республикасынан келип чыккан жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келинген графиттелген электроддорго карата антидемпингдик алымды киргизүү аркылуу антидемпингдик чараны колдонуу жөнүндө" чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим.