БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) фармакологиялык каражаттардын Украинанын тургундарында сыналышына катыштыгы болушу мүмкүн. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлигинин радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо аскер күчтөрүнүн башчысы Алексей Ртищев брифингде билдирди.
Анын айтымында, АКШнын кызматтагы адамдары өлкөнүн Коргоо министрлиги Украинанын биолабораторияларынын базасында иш жүргүзгөнүн бир нече ирет тастыкташкан. Ртищев бул тууралуу негизинен АКШнын учурдагы саламаттык сактоо министри Роберт Кеннеди, мамлекеттик катчынын орун басары Виктория Нуланд, Улуттук коопсуздук кеңешинин координатору Жон Кирби айтканын белгиледи.
Мындан тышкары, 38 лабораторияда фармакологиялык каражаттар украиналыктарда сыналганын Корнель университетинин органикалык химия боюнча профессору Дейв Коллум быйыл августта Такер Карлсонго маек куруп жатып билдирген.
Ртищевдин айтымында, мындай изилдөөлөрдүн көз жаздымда калышы үчүн буйрутма берген тарап катары аскер ведомстволору эмес, бейөкмөт уюмдар менен жарандык агенттиктер көрсөтүлүп келген.
Белгилей кетсек, USAID дал ушул категорияга кирет. Агенттик АКШ президенти Дональд Трамптын чечими менен жоюлган.