БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. УКМК улуттар аралык кастыкты козутту деген шек менен активисттин кармалганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал соцтармактарда белгилүү бир улутка карата жеке кастыгын билдирген чагымчыл билдирүүлөрдү байма-бай жарыялап келген. Экспертиза шектүүнүн материалдарында улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экенин тастыктады.
Атайын кызмат шектүүнүн аракети этностор аралык чыр-чатакты козутуучу фактор болуп саналып, массалык башаламандыкка алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.