1,5 млн. сом алышкан. УКМК психиатрия борборунун 6 дарыгерин кармады

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Республикалык психиатрия жана наркология борборунун алты эксперт-дарыгери коррупциялык схема үчүн 10-декабрда кармалып, тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
"Кызматкерлер Кылмыш-жаза кодексине ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга карата акчалай компенсация алуу үчүн "акыл-эси жайында эмес" деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүндүк беришкен", — деп айтылат маалыматта.
Алты дарыгер Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча айыпталган М.А.А. аттуу кыргызстандыкка эки ирет корутунду чыгарышкан. Экөөндө тең "акыл-эси жайында эмес" дешкен.
УКМК ак халатчандар шектүүнүн туугандарынан 1,5 миллион сом алганын билдирди.
Камалган дарыгерлер: А.Дж. 75 жашта, Ш.Н.Т. — 59, Ч.Ю.В. — 56, К.Ж.Р. — 54, С.Л.Л. — 53, З.М.Д. 28 жашта болгон.
Жазадан куткаруу үчүн "акылынан айнытышкан". Психиатрия борборундагы коррупция