БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский Вашингтондун Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча планын колдобойт деген ойдо турат. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Чындыгын айтканда, Зеленскийди кошпогондо макулдашуунун концепциясы башкаларга жагып жатат", — деди ал.
Трамп ошол эле учурда АКШ Россия менен Украина тынчтык макулдашуусуна жакындап калганын билдирди. Анын айтымында, Вашингтон Украина боюнча өз планынын айрым элементтерин алып салган. Ошол эле учурда бул план бүтүн эмес, ал өзүнчө төрт же беш бөлүктөн турат.
Өлкө башчысы АКШ ишембиде Европа менен Украинанын өкүлдөрүн кабыл ала турганын жана тынчтык келишими үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр жаралып калышы ыктымалдыгын айткан.
"Эгерде пайда чыгат десек, ишембиде Европадагы жолугушууга барабыз. Болбосо, убакытты текке кетирүүнүн кереги жок", — деген ал.
Трамптын сөзүнө таянсак, Америка украин согушун жөнгө салуу боюнча бардык эле иштерде убакытты бекерге короткусу келбейт. Муну менен катар эле Киевге коопсуздук кепилдиги боюнча көмөктөшүүнү убада кылды. Ак үйдүн кожоюну аны менен катар Вашингтон Украинага 250 миллиард долларга чукул акча коротуп, анын ордуна эч нерсе албагандыгын эске салган.
АКШнын тынчтык планын талкуулоо
2025-жылдын 22-ноябрында РФ лидери Владимир Путин Кремлде Трамптын чабарманы Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнерди кабыл алган. Алар Американын тынчтык демилгесин беш сааттай талкуулап, мунасага келген вариантты табышкан эмес.
Путиндин айтымында, АКШ тарап 27 пунктудан турган планды төрткө бөлүп, ар бирин өзүнчө талкуулоону сунуш кылган. Ал ар бирин карап чыгып, "Москва макул болбой турган жерлери барын" белгилеген.
Зеленский дүйшөмбүдө Британияга аттанып, америкалык планды британ премьери Кир Стармер, Франция президенти Эммануэль Макрон жана Германия канцлери Фридрих Мерц менен талкууламакчы болгон. Украина ЖМКлары жыйынтыгында алар аймакты берүү маселеси боюнча кайрадан баш тартышканын жазды. Киев америкалыктардын Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунушуна берилген жоопту Вашингтонго кечээ жиберген.