БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2026-жылга карата инвестициялык бюджетин бекитти. Бул тууралуу каржы мекемесинен билдиришти.
Маалыматка караганда, фонддун XXI жыйыны өтүп, жаңы долбоорлорду каржылоого 200 миллион доллардан ашуун каражат бөлүү чечими кабыл алынган.
"100 млн доллардан ашык сумма өлкө экономикасы үчүн маанилүү болгон сырьё менен материалдарды Россиядан алып келүү боюнча долбоорлорго жумшалат. Бул демилгелер өлкөнүн өндүрүштүк базасын бекемдөөгө, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана ички өндүрүштү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, фонддун кийинки жылга бекиген бюджети РКӨФ иштеп баштагандан берки рекорддук сумма экени белгиленди.