Путин: Түркмөнстандын тандап алган жолу өзүн актады

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Түркмөнстандын кабыл алган бейтарап жолу өзүн актап, бардык өлкөлөр менен конструктивдүү мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат. Бул туурасында Россиянын лидери Владимир Путин Ашхабад сапарынын учурунда Түркмөн элдик кеңешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукканда айтты.
Түркмөнстан 12-декабрда өзүнүн эгемендигинин 30 жылдыгын белгилейт.
"Кезегинде нейтралитет жол тандап алынган. Бул өзүн актады, себеби ошондон тарта бардык мамлекеттер менен ынтымак, достук мамиледе иш алып барган багыт аныкталып, негизи түптөлгөн", — деди Путин.
РФ лидери мындай нерсе баалуу экенин белгиледи.
"Бул нерсенин биз үчүн да баасы жогору, аймак туруктуу болуп турат", — деп кошумчалады ал.
Путин Москва менен Ашхабаддын "экономикалык алакасы ар тараптуу өнүгүп жатканын жана келечеги кең экендигин" белгиледи.
Ал аталган өлкө менен кызматташып, Каспий аймагындагы маселелерди, анын ичинде экологиялык көйгөйлөрдү биргелешип чечүү зарылдыгын айтты.
Россия президенти, мындан сырткары, Ашхабадда өтчү "Тынчтык жана ишеним" жылы, ошондой эле Түркмөнстандын бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган эл аралык форумга катышат.
Бердымухамедовдун айтымында, эки мамлекеттин алакасы дурус өңүттө бара жатат.
"Мерчемделген келечектүү, жакшы иш-чаралардын бардыгы ишке ашып, баары өз нугунда болууда", — деген төрага.
Учурда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да Түркмөнстандын жетекчилигинин чакыруусу менен Ашхабадда жүрөт.
Путин: ЖККУ Евразия чөлкөмүндө өлкөлөрдүн бүтүндүгүн коргоп жатат