Дүйнө биринчилигинен коло алган боксчу Нышановго 75 миң долларлык сертификат берилди

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ыктыяр Нышанов бокс боюнча дүйнө биринчилигинен коло медаль жеңди.
Мелдеш Бириккен Араб Эмирликтеринде өтүп жатат. Нышанов 71 килограмм салмак категориясында күч сынашкан. Турнирди 1/16 финалдан баштап, алгач австралиялык, андан кийин таиланддык боксчуларды нокаутка түшүргөн. Чейрек финалда молдовалык спортчуну жеңди.
Жарым финалда гана калыстар жеңишти казак боксчусуна ыйгарып, Нышанов коло медалдын жана 75 миң долларлык сертификаттын ээси болду.
Ал эми дагы бир мекендешибиз Омар Ливаза мелдештин финалына чыгып, тарых жаратты.
Бишкекте хоккей боюнча "Жеңиш кубогу" эл аралык турнири өттү. Видео