Эмгек министрлиги кышкы эс алуу күндөрүн узартууну сунуштап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кышкы эс алуу күндөрүн 1-январдан 12-январга чейин узартууну сунуштап жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга илинди.
Эмгек кодекси боюнча, кыгызстандыктар 1-7-январь күндөрү эс алышы керек.
Токтом долбоорунда 8-январдагы иш күнүн 7-февралга (ишемби), 9-январдагы иш күнү 25-апрелге (ишемби) жылдыруу сунушталган.
Эгер документ кабыл алынып калса кышкы каникул 11 күнгө созулуп, 12-январдан тарта эл жумушка чыга баштайт.
Министрлик буга бир нече жагдай түрткү экенин белгилеген. Биринчиден, жаңы жылдан кийин вирустук инфекциялар күч алат. Экинчиден, окуучулардын каникулу 12-январга чейин созулат, алардын ата-энеси менен чогуу эс алуусуна шарт түзүү зарыл. Мындан тышкары, кышкы туризмден түшчү кирешени көбөйтүү жана энергетикалык жүктү азайтуу да жүйө катары келтирилген.
Бишкектеги башкы балатынын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөт. Канча акча кетет?