БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Киев Россия Украинанын химиялык өнөр жай объектилерине сокку урбай турганын билип, аларды "техногендик калкан" катары колдонууда. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлигинин радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо аскер күчтөрүнүн башчысы Алексей Ртищев брифингде билдирди.
"Армиябыз химиялык өнөр жай объектилерине чабуул жасабай турганын билип, Киев калк үчүн жаралуучу кооптуулуктарды эске албай, аларды техногендик калкан катары пайдаланууда. Гумандуулукка туура келбеген "өрттөлгөн жер" жана "акыркы украиналык калгыча согушуу" принциби менен жашап жатат", — деди ал.
Ртищев мисал да келтирди.
"Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Южное калктуу конушунда Одесса портунун жанындагы заводдун аймагына залптык реактивдүү системаларды жана румыниялык жалданма аскерлерди жайгаштырган факт аныкталган. Алынган маалыматтар боюнча, 2025-жылдын сентябрында ишкана жетекчиси Одессанын аскердик администрациясына кайрылып, өтө кооптуу объектини белгисиз адамдардан жана техникадан бошотууну өтүнгөн. Эгер ок атылып кетсе эки миң тоннадан ашуун суюк аммиак төгүлүп, регион техногендик апаатка кептелет", — деди Ртищев.