БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстан саркынды сууну тазалоо технологиясын иштеп чыккан КМШ жаштары менен иштешүүгө даяр. Бул тууралуу Москвада өткөн жаш окумуштуулардын көргөзмөсүнө катышкан минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Ал аталган иш-чарага Москвага жасаган жумушчу сапарынын алкагында катышкан.
Сегиз өлкөнүн өкүлүнөн түзүлгөн эл аралык команда “Таза технологиялар” долбоорун сунушташты. Доклад жасаган кыргызстандык Азамат Календеров саркынды сууларды тазалоо менен 2028-жылга карата Борбор Азия өлкөлөрүндөгү суунун тартыштыгын дээрлик төрт эсеге кыскартса болорун белгиледи.
“Биз саркынды сууларды кайра иштетүү менен алектенебиз. Мисалы, КМШ өлкөлөрүндөгү таштанды полигондорунан чыккан агынды суулардын жалпы көлөмү жылына 3 миллион куб метрге жетет. Биздин долбоор алардан таза суу алууга жана баалуу компоненттерди бөлүп алууга мүмкүндүк берет”, — деди Календеров.
Адылбек Касымалиев “бул технология кайсы бир жерде сыноодон өтүп, натыйжалуулугун көрсөттүбү?” деген суроо узатты.
“Биз Пулково аэропортунун агынды сууларын тазалоого катыштык. Ошондой эле орнотмо "Воронежсинтезкаучук" ишканасында турат, анын агынды сууларында мунай продуктулары бар. Эки учурда тең агынды суулар 97 пайызга чейин тазаланды”, — дешти окумуштуулар.
Касымалиев изилдөөчүлөрдү колдоп, Кыргызстан алар менен иштешүүгө даяр экенин белгиледи.