БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Камчыбек Ташиев Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Жаңы-Жер" чек ара заставасына барды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал аскер кызматкерлери менен кызматтык жана турмуш-тиричилик шарттарын талкуулады. Андан соң салтанаттуу түрдө Сүлүктүдөгү аскер кызматкерлерине 64 кызматтык батирдин ачкычын тапшырды.
"Силер аскерде кызмат өтөп, курал-жарак көтөрүп, чоң жоопкерчиликти сезип жатасыңар. Бири-бириңерди колдогула, муктаж болгондорго жардам бергиле. Эч кандай кысым болбошу керек", — деген ал.
Андан кийин генерал-полковник Сүлүктү шаарында кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине 64 кызматтык батирдин ачкычтарын тапшырды.