"Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү, буудан болуп таскак салып өтөрмүн" деп өзү жазгандай, бүгүн анын кыргыз коомчулугуна таштап кеткен ырлары эл арасында. Эскерип, эстеп, талантына таазим кылып келишет.
Элдин басымдуу бөлүгү акындын өмүр таржымалын жатка билгени менен эмнегедир сүрөттөрү коомчулукка аз тараптыр. Андыктан бүгүн окурмандарга Алыкул Осмонов тууралуу сүрөт түрмөктү тартуулайбыз.