Камчыбек Ташиев Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Жаңы-Жер" чек ара заставасына барды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Ал аскер кызматкерлери менен кызматтык жана турмуш-тиричилик шарттарын талкуулады. Андан соң салтанаттуу түрдө Сүлүктүдөгү аскер кызматкерлерине 64 кызматтык батирдин ачкычын тапшырды."Силер аскерде кызмат өтөп, курал-жарак көтөрүп, чоң жоопкерчиликти сезип жатасыңар. Бири-бириңерди колдогула, муктаж болгондорго жардам бергиле. Эч кандай кысым болбошу керек", — деген ал. Андан кийин генерал-полковник Сүлүктү шаарында кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине 64 кызматтык батирдин ачкычтарын тапшырды.
Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген VIII чакырылышы ишин башташы үчүн ЖК аппараты даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу анын жетекчиси Алайбек Алымбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди. Анын айтымында, жыйынга алгач чогулган күнү кароого тийиш болгон маселелер "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамында белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы биринчи жыйын 17-декабрга пландалып жатканын билдирген болчу. Карала турган маселелер булар: төраганы жана анын орун басарларын шайлоо; Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитүү; комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо; Жогорку Кеңештин комитеттеринин курамдарын түзүү. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ырааттуулугу жыйналыштын күн тартиби менен аныкталат.
Кыргызстанга Россиядан БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын линиясы боюнча гуманитардык жардамдын кезектеги партиясы келди. Бүгүн Бишкек шаарында жүк расмий түрдө өткөрүп берилди. Кампаларга 1 147 тоннадан ашык байытылган буудай уну жеткирилген. Иш-чарага Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Иван Прокопенко, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Кожиро Накая жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышты. Аяр катмардагы 4600 үй-бүлөгө байытылган ун берилет. Бул үчүн алар жергиликтүү инфраструктураны калыбына келтирүүгө, жаратылыш кырсыктарына жана климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүүгө багытталган коомдук долбоорлорго катышуусу зарыл.
Владимир Зеленский аймак маселесин чечүү үчүн "жалпы украиналык референдум" өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал "Общественное" телеканалынан айтканын РИА Новости жазды. "Аймактар боюнча маселеге келсек, жалпы украиналык референдум өткөрүү пландалып жатат. Азырынча анын кандай өтөрү белгисиз", — деди Киев режиминин башчысы. Буга чейин Трамп Европа лидерлерин Зеленский АКШнын тынчтык планын кабыл алышы үчүн ага кысым көрсөтүүгө чакырганы айтылган./// Эми валюта курсу менен таанышып алыныздар Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 29 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 13-декабрга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. ишембиде, айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +4...+9 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -2...+3 градусту көрсөтөт. Күндүн табы борбор калаада +7…+9, Ош шаарында +12...+14 градуска көтөрүлөт.