Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишмердүүлүгү: натыйжалар жана келечек

Sputnik
Программада мамлекеттик камсыздандыруу тармагы тууралуу сөз болду. Коомдо барган сайын актуалдуу болуп жаткан камсыздандыруу маселеси жарандарды кандай коргойт, кандай шарттарда камсыздандыруу келишимдери түзүлөт жана мамлекеттик камсыздандыруунун өзгөчөлүгү эмнеде деген суроолор талкууланды. «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК кандай багыттарда иш алып барат, калкка сунушталган камсыздандыруу түрлөрү кайсылар жана алардын пайдасы эмнеде экени боюнча кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле, жыл жыйынтыкталып жаткан учурда уюмдун 10 ай ичиндеги ишмердүүлүгүнө токтолуп, жетишилген жыйынтыктар, аймактарда камсыздандыруу кызматтарын жеткиликтүү кылуу багытында аткарылган иштер жана жарандардын ишенимин арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө сөз болду. Камсыздандыруу системасын өнүктүрүү, кайра камсыздандыруу механизмдерин өркүндөтүү жана алдыдагы пландар тууралуу маселелерди «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын камсыздандыруу жана кайра камсыздандырууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Актан Турумбеков менен талкууладык.