Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Узап бараткан жыл ЕАЭБдин жалпы рынокторун түзүүгө багыт берген циклдин жыйынтыкталып жатканы менен өзгөчө. Бул тууралуу Адылбек Касымалиев Москвада өтүп жаткан ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Минкаб төрагасынын айтымында, беш жылдык циклдердин алкагындагы ырааттуу жумуш "интеграциялык процесстерди илгерилетип", анык бир натыйжага жетишүүгө жардам берет. "Бүгүн биримдиктин 2030-жылга чейинки өнүгүү процесси тууралуу декларацияда каралган иш-чараны карадык. Бул өтө маанилүү учур, анткени биз аны ишке ашыруу боюнча беш жылдык планды бекитүү алдында турабыз", — деди өкмөт башчы. Документте иштин жаңы багыттары, ошондой эле чакырыктарды жеңүүгө жана стратегияны камсыздоого арналган иш-чаралар камтылган. "Аталган планга чакан экономикаларды колдоо да киргени кубандырат. Бул өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүндөгү айырмачылыкты кыскартууга өбөлгө болот", — деди Касымалиев.
Эки жумада 2709 айдоочулук күбөлүк онлайн алмаштырылды. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун бөлүм башчысы Адилет Сейталиев билдирди. Маалыматка ылайык, Эки жумада 11 208 адам айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылган. "Айдоочулук күбөлүктү "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн алмаштыруу кызматы 17-ноябрдан тарта жеткиликтүү болду. Айдын аягына чейин, тактап айтканда, эки жумада 2709 онлайн кайрылуу түштү. Ал эми оффлайн 8499 адам кайрылды. Колдонуучуларга кайрыла кете турган нерсе дарек жана телефон номерлерин так көрсөтүшсө", — деди Сейталиев. Ошондой эле ал айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыруу бюрократия менен кезекти кыскартууга орчундуу салым кошуп жатканын билдирди.
Ыктыяр Нышанов бокс боюнча дүйнө биринчилигинен коло медаль жеңди. Мелдеш Бириккен Араб Эмирликтеринде өтүп жатат. Нышанов 71 килограмм салмак категориясында күч сынашкан. Турнирди 1/16 финалдан баштап, алгач австралиялык, андан кийин таиланддык боксчуларды нокаутка түшүргөн. Чейрек финалда молдовалык спортчуну жеңди.Жарым финалда гана калыстар жеңишти казак боксчусуна ыйгарып, Нышанов коло медалдын жана 75 миң долларлык сертификаттын ээси болду.
Бишкекте Россиянын Кыргызстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн алдындагы Ишкерлик клубунун биринчи жыйыны өттү. Бизнес менен маморгандардын өкүлдөрү өлкөлөрдүн соода алакасын талкуулашты. Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов эки мамлекеттин ортосундагы сооданын көлөмү 4 миллиард долларга жеткенин белгиледи. Ал эми Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Айнур Саманов россиялык бизнесмендер үчүн Кыргызстан рыногунун кайсы тармагы кызык болуп жатканын айтып берди. "Биринчи кезекте бул — кыргыз экономикасынын кыймылдаткыч күчү болгон кайра иштетүү өнөр жайы менен тоо-кен ишканалары. IT тармагындагы долбоорлордун да келечеги кең. Өзгөчө көңүл энергетикага бурулууда. Россиялык компаниялар гидроэлектр станцияларынын курулушуна, кайра жаралуу энергетика жаатындагы долбоорлор үчүн жабдуу менен камсыздоо иштерине катышып жатышат", — деди өкүл.