Кыргызстан адал индустрияны өнүктүрүү боюнча алдыда — бирдиктүү реестр, лицензия, экспорт, стандарттар

Sputnik
Кыргызстан адал индустриясын өнүктүрүүдө акыркы жылдары жаңы баскычка көтөрүлүп, эл аралык талаптарга жооп берген сертификаттоо, өндүрүш жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө багыт алды. Бул тармактагы прогрессти 11-дүйнөлүк Адал саммитине жана Halal Expo көргөзмөсүнө активдүү катышуу дагы бекемдеп, Кыргызстанды глобалдык адал экономиканын жаңы оюнчусу катары таанытууда. Аталган иш-чараларда өлкөнүн адал стандарты, лабораториялык мүмкүнчүлүктөрү, экспортту кеңейтүү демилгелери талкууланып, жергиликтүү ишкерлер үчүн жаңы өнөктөштүк жана инвесторлор менен байланыш түзүүгө шарт түзүлдү. Натыйжада адал индустрия өлкө экономикасынын келечектүү багыттарынын бири катары каралып, Кыргызстан үчүн экспорттун жаңы рынокторун ачууда маанилүү роль ойноодо.