Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Энергетика министрлиги дифференциалдык тарифтерди өзгөртүүнү сунуштады. Жаңы долбоордо электромобилдерди кубаттоочу станциялар, өнөр жай жана коммерциялык керектөөчүлөр гана өз каалоосу менен сутканын убактысына жараша арзан тарифке өтө алат. Элге тарифтер мурдагыдай эле калат. Жаңы коэффициенттер: түнкүсүн (00:00–06:00) – 0,75 (мурда 0,5 эле) күндүз (06:00–00:00) – 1,0 (мурда 1,5 эле) энергия көп колдонулган сааттарда (07:00-10:00 жана 17:00-20:00) – 2 (өзгөрүүсүз) Дифференциалдык тариф — сутка ичинде баа ар кандай болуп өзгөрүп турган система.
Эл аралык тоолор күнүнө карата Кыргызстандын аймактары боюнча заманбап санариптик жол көрсөтүүчү Nomad.kg туристтик онлайн-порталынын презентациясы өттү. Маалым болгондой, бул долбоорго өлкөдөгү белгилүү жана анча таанымал болбой келген туристтик жана тарыхый жайлар киргизилмекчи. Мында портал аркылуу туристтер алдын ала кенен маалымат ала алышат. "Долбоордо экология, тарых, жаратылыш сыяктуу бардык маалыматтар кошулуп, туризм багытына бир чоң база болуп жатат. Команда бирге иштешкенге, өнөктөштүккө ачыкпыз. Мүмкүн жер-жерлерден долбоорду дагы өнүктүрүү үчүн биз билбей турган сунуштар келип түшөт”,- деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, учурда порталда Талас облусу боюнча 25 маршруттук каттам камтылган. Долбоор тарыхчылардын, аймак таануучулардын, изилдөөчүлөрдүн жана өлкөнүн туристтик потенциалын изилдеген адистердин колдоосу менен ишке ашырылып жатканы маалымдалды.
Акыркы жылдары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2,5 эсе, ал эми КРдан РФке болгон экспорт 4,5 эсе өстү. Бул туурасында экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы товар жүгүртүү болжол менен төрт миллиард долларды түзгөн. "Бул жөн гана көрсөткүч эмес — он миңдеген жумуш орундарын, иштеп жаткан жүздөгөн ишканаларды жана көптөгөн аймактардын экономикалык туруктуулугун билдирет", — деди Асылкулов Кыргыз-россиялык ишкердик клубунун I жыйынында. Ал Кыргызстанга болгон россиялык инвестициялардын көлөмү улам көбөйүп жаткандыгын, анын ичинде энергетика жана тоо-кен өнөр жайы сыяктуу маанилүү тармактар бардыгын айткан.
АКШ европалык өнөктөштөрүнө Россияны дүйнөлүк экономикага кайтарууну жана Батыш Европага россиялык энергетикалык ресурстарды жеткирүүнү караган планды сунуштады. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити эки маалымат булакка таянып жазганын RT кабарлады. Ага ылайык, президент Дональд Трамптын администрациясы Европа биримдигиндеги кесиптештерине Украинаны калыбына келтирүү жана чыр-чатак аяктагандан кийин Россиянын рынокко кайтып келиши боюнча АКШнын көз карашы баяндалган документтерди жөнөткөн. “План америкалык компаниялар стратегиялык тармактарга, сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуудан тартып Арктикада мунай скважиналарын бургулоого чейин инвестиция салышы керектигин болжолдойт”, — деди макаланын автору. Ал эми Украинаны америкалык бизнестин