Пресс-борбор

Мазмундуу маек курууга эмне жардам берет? Жаш журналисттерге адистен кеңеш

Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Мазмундуу маек курууга эмне жардам берерин Sputnik Кыргызстандын социалдык тармактар боюнча башкы редактору Асел Миңбаева айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн SputnikPro долбоорунун алкагында сүйлөдү.
Миңбаеванын айтымында, негизги принцип — кызыктуу нерсени сурайбыз, кызыксызын сурабайбыз. Спикердин айтып берген окуялары аягына чыгышы керек, ошондуктан деталдарды тактоо маанилүү.
Ал суроолорду каармандын өзгөчөлүктөрүнүн тегерегинде түзүү керектигин белгиледи. Эгерде маектеш коомчулук үчүн өтө кызыктуу инсан болбосо, "сүйүктүү китебиңиз кайсы?" же "мектептеги сүйүктүү предметиңиз кайсы эле?" деген сыяктуу шаблондуу суроолордон качуу керек.
Адис этикага өзгөчө көңүл буруп, "эмнеге турмуш курбай жүрөсүз?" деген сыяктуу суроолорду берүү одоно экенин белгиледи. Ал ошондой эле алып баруучу өзүнүн эксперт экенин байкатпашы керектигин кошумчалады.
Кыргызстандын социалдык тармактар боюнча башкы редактору Асел Миңбаева
“Сиз маекке чакырган коногуңузга өзүнүн тармагына тиешелүү кесиптик терминологияны колдонуп, татаал суроо бердиңиз дейли. Эксперт дагы татаал терминдер менен жооп берип койсо, ал жаатта атайын билими жок көрүүчү эч нерсе түшүнбөй калат. Ошондуктан спикериңизден мүмкүн болушунча жөнөкөй тилде түшүндүрүүнү сураныңыз”, — деди ал.
Миңбаева суроолор узун болбошу керектигин, интервьюер эмес, каарман сүйлөшү зарыл экенин эске салды. Дагы бир алтын эреже: суроолорду каарманга жаздыруу башталганга чейин бербеңиз. Анткени спикер дал ошол учурда эксклюзивдүү нерсени айтып, бирок эфир учурунда ошол эле суроону кайра берсеңиз башка жоопту берип коюшу мүмкүн.
Пресс-борбор
Видеону соцтармакка жайылтууда эмне кедерги болот. Sputnik шеф-редактору айтып берди