БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жаңы келген депутаттары манжанын изи менен катталып, добуш беришет. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
ЖКнын регламентине ылайык, депутаттарды каттоо жана добуш берүү процессинде манжа издерин колдонуу нормасы 2026-жылдын январында күчүнө кирет.
Учурда техникалык жактан камсыздалып, даярдык иштери жүрүүдө.
Эске салсак, ЖК имараты оңдолуп-түзөлгөндө жыйындар залына гранттын негизинде жаңы техникалык жабдуулар орнотулган.
Эске салсак, 30-ноябрда Жогоку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Ар бир округдан үчтөн эл өкүлү шайланып келмекчи. Борбордук шайлоо комиссиясынан VIII чакырылыштын биринчи отуруму 17-декабрга пландалып жатканын айтышты.