БИШКЕК, 11-дек. – Sputnik. Ысык-Көл облусунда ӨКМдин кызматкерлери "Ала-Тоо Резорт" долбоорунун алкагында аркан жол куруп жаткан 30га жакын адамды кар күрткүсүнөн куткарышты.
Ак-Суу районунда катуу кар жаап, жол жабылгандыктан, жумушчулар өз алдынча түшө албай калышкан.
Куткаруу иштерине ӨКМдин тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 12 адам, ГАЗ-66 жана Toyota Land Cruiser J70 унаалары тартылган.