Касымалиев ЕАЭБдеги беш жылдык циклдин маани-маңызын айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Узап бараткан жыл ЕАЭБдин жалпы рынокторун түзүүгө багыт берген циклдин жыйынтыкталып жатканы менен өзгөчө. Бул тууралуу Адылбек Касымалиев Москвада өтүп жаткан ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.
Минкаб төрагасынын айтымында, беш жылдык циклдердин алкагындагы ырааттуу жумуш "интеграциялык процесстерди илгерилетип", анык бир натыйжага жетишүүгө жардам берет.

"Бүгүн биримдиктин 2030-жылга чейинки өнүгүү процесси тууралуу декларацияда каралган иш-чараны карадык. Бул өтө маанилүү учур, анткени биз аны ишке ашыруу боюнча беш жылдык планды бекитүү алдында турабыз", — деди өкмөт башчы.

Документте иштин жаңы багыттары, ошондой эле чакырыктарды жеңүүгө жана стратегияны камсыздоого арналган иш-чаралар камтылган.
"Аталган планга чакан экономикаларды колдоо да киргени кубандырат. Бул өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүндөгү айырмачылыкты кыскартууга өбөлгө болот", — деди Касымалиев.
ЕАЭБде улуттук валюта менен эсептешүүнүн үлүшү 93%ды түздү