БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Акыркы 10 жылда ЕАЭБде соода эки эсе көбөйүп, 100 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Москвада өтүп жаткан ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.
Өкмөт башчы анткен менен биримдик ичиндеги сооданын үлүшү 15 пайыздан ашпай жатканын белгиледи. Касымалиевдин айтымында, Кыргызстан Россия жана Казакстан менен соода (98%) жүргүзөт. Ал эми Армения жана Беларусь менен соода потенциалы толук ачылбай келет.
"Өз ара соода түзүмүн кеңейтүү — сырьелук, финансылык ресурстарга жана жаңы технологияларга жетүү шарттарын биргелешип жакшыртууну талап кылган милдет. Заманбап өндүрүштүк чынжырчаларды түзүү, инновацияларды стимулдаштыруу жана технологиялык эгемендүүлүктү бекемдөө зарыл", — деген ал Москвада өтүп жаткан ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында.