Пресс-борбор

Бишкекте соцтармактагы алгоритмдин иши боюнча мастер-класс өттү. Видео

Sputnik Кыргызстан агенттигинин социалдык тармактар боюнча шеф-редактору Асел Минбаева Кыргыз-Россия Славян университети менен "Ала-Тоо" эл аралык университетинин студенттери үчүн мастер-класс өткөрдү.
Sputnik
SputnikPro долбоорунун алкагындагы иш-чара Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда болду.
Минбаева соцтармакта элдин көңүлүн бура турган видеолорду кантип тартуу керектигин, бөгөттөөгө кабылбай турган контент кантип түзүлөрүн айтып, сапаттуу интервьюнун сырлары менен бөлүштү.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдордун студенттери менен бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
2018-жылдан бери бетме-бет жолугушуулар 24 өлкөдө жана 80ден ашуун онлайн режиминде өткөрүлдү. SputnikPro катышуучуларынын саны 12 700дөн ашат.