Байсалов: салттуу ислам чөлдөгү маданияттын кийимин камтыган эмес

Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Салттуу ислам чөлдөгү маданияттын кийимин камтыган эмес. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов The Liberium чет элдик басылмасынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Аткаминерге никаб боюнча суроо узатылган. Эскерте кетсек, Кыргызстанда коомдук жайларда жана мамлекеттик органдарда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө тыюу салынат. Мыйзам бузгандарга айып пул каралган.

"Кыргызстан дин эркиндигин урматтайт жана көп улуттуу, көп конфессиялуу коом катары гармонияга жетишкенине сыймыктанат. Бирок биздин өлкөдөгү салттуу ислам эч качан Жакынкы Чыгыштагы чөлдүү жердин кийимин колдонгон эмес. Андай кийим биздин аймакка жат. Кыргыз аялдарынын коомдо өз орду болгон. Биздин исламдык салт эл көзүнө кийинүүнү эмес, ачыктыкты, билимди, сабырдуулукту жана адамгерчиликти баалайт", — деди Байсалов.

"Экилене бериштин кереги жок". Президент никаб жана паранжа боюнча пикирин айтты