БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандан жана Казакстандан Россия Федерациясына автомобиль транспорту менен товарларды жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ташып кирүү мөөнөтүн 25-декабрга чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду.
Тиешелүү документ укуктук актыларды расмий жарыялоо сайтында жайгаштырылган.
Путиндин жарлыгы менен маркаланбаган жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн продукциясы катары тастыктаган документтерсиз эле товарларды ташып кирүүгө уруксат берилди.
Мурунку мөөнөт 10-декабрга чейин гана болчу.