Россия бизнесмендерине Кыргызстандын кайсы тармагы кызык. Видео

Бишкекте Россиянын Кыргызстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн алдындагы Ишкерлик клубунун биринчи жыйыны өттү. Бизнес менен маморгандардын өкүлдөрү өлкөлөрдүн соода алакасын талкуулашты.
Sputnik
Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов эки мамлекеттин ортосундагы сооданын көлөмү 4 миллиард долларга жеткенин белгиледи.

"Бул — өнөр жай ишканаларынын курулушуна, тоо-кен тармагына, Россиядан сырье импорттоодон баштап Кыргызстанда продукция чыгарган кооперациялык чынжырчалардын түзүлүшүнө салынган инвестиция. Экспортко келсек, өлкөбүздүн жеңил жана текстиль өнөр жайы өндүргөн продукциянын 80 пайызы Россияга кетүүдө", — деди Асылкулов.

Ал эми Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Айнур Саманов россиялык бизнесмендер үчүн Кыргызстан рыногунун кайсы тармагы кызык болуп жатканын айтып берди.
"Биринчи кезекте бул — кыргыз экономикасынын кыймылдаткыч күчү болгон кайра иштетүү өнөр жайы менен тоо-кен ишканалары. IT тармагындагы долбоорлордун да келечеги кең. Өзгөчө көңүл энергетикага бурулууда. Россиялык компаниялар гидроэлектр станцияларынын курулушуна, кайра жаралуу энергетика жаатындагы долбоорлор үчүн жабдуу менен камсыздоо иштерине катышып жатышат. Өлкөдө күн электр станциясы менен шамал станциялары арбын курулууда", — деди өкүл.