Министрлик: Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар алмашуу өстү

Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Акыркы жылдары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2,5 эсе, ал эми КРдан РФке болгон экспорт 4,5 эсе өстү. Бул туурасында экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы товар жүгүртүү болжол менен төрт миллиард долларды түзгөн.
"Бул жөн гана көрсөткүч эмес — он миңдеген жумуш орундарын, иштеп жаткан жүздөгөн ишканаларды жана көптөгөн аймактардын экономикалык туруктуулугун билдирет", — деди Асылкулов Кыргыз-россиялык ишкердик клубунун I жыйынында.
Ал Кыргызстанга болгон россиялык инвестициялардын көлөмү улам көбөйүп жаткандыгын, анын ичинде энергетика жана тоо-кен өнөр жайы сыяктуу маанилүү тармактар бардыгын айткан.
Россиялык бизнес бүгүн мамлекеттик жана жеке долбоорлорду ишке ашырууда ишенимдүү жана маанилүү өнөктөш болуп саналганын кошумчалаган.
ЕЭК Кыргызстан катышкан кооперациялык долбоорго субсидия берүүнү жактырды