Эки жумада 11 208 адам айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Адилет Сейталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азырынча онлайн-кызматты көрсөтүүдө айрым кыйынчылыктар бар.
"Айдоочулук күбөлүктү "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн алмаштыруу кызматы 17-ноябрдан тарта жеткиликтүү болду. Айдын аягына чейин, тактап айтканда, эки жумада 2709 онлайн-кайрылуу түштү. Ал эми оффлайн 8499 адам кайрылды. Онлайн-кызматты көрсөтүүдө айрым кыйынчылыктар бар. Мисалы, колдонуучулар сүрөт же дарек киргизүүдө катачылык кетирген учурлар болууда. Почта аркылуу жөнөткөнүбүздө дарек так эмес, телефон номер да туура эмес көрсөтүлүп калган учурлар бар. Буга байланыштуу айдоочулук күбөлүктөр кайра бизге кайтып келип жатат. Ошондуктан колдонуучулардан дарек жана телефон номерлерин так көрсөтүүнү өтүнөт элем", — деди Сейталиев.
Ошондой эле ал айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыруу бюрократия менен кезекти кыскартууга орчундуу салым кошуп жатканын билдирди.