БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. АКШ европалык өнөктөштөрүнө Россияны дүйнөлүк экономикага кайтарууну жана Батыш Европага россиялык энергетикалык ресурстарды жеткирүүнү караган планды сунуштады. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити эки маалымат булакка таянып жазганын RT кабарлады.
Ага ылайык, президент Дональд Трамптын администрациясы Европа биримдигиндеги кесиптештерине Украинаны калыбына келтирүү жана чыр-чатак аяктагандан кийин Россиянын рынокко кайтып келиши боюнча АКШнын көз карашы баяндалган документтерди жөнөткөн.
“План америкалык компаниялар стратегиялык тармактарга, сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуудан тартып Арктикада мунай скважиналарын бургулоого чейин инвестиция салышы керектигин болжолдойт”, — деди макаланын автору.
Ал эми Украинаны америкалык бизнестин катышуусу менен тоңдурулган россиялык активдердин эсебинен калыбына келтирүү сунушталууда.
Буга чейин Reuters агенттиги европалыктар украин жаңжалын жөнгө салуу планында РФке "Чоң сегиз" форматына кайтууну сунуштоого даяр экенин билдирген.