Мындан туура 34 жыл мурда СССР расмий таратылган. Беларустун Беловежская токоюнда жайгашкан Вискули резиденциясында бир катар лидерлер СССРди жоюу боюнча келишимге кол коюшкан. 21-декабрда Алматыда мурдагы 11 союздук республикасынын башчылары КМШны түзүү жөнүндө декларацияга кол коет. Ошентип интеграциялык жаңы уюм түптөлөт. КМШ уюмунун иши, кызматташтык, келишимдер тууралуу КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аликбек Жекшенкулов айтып берди.