Жеңил өнөр жайдагы кыйынчылыктар: Россия рыногуна мыйзамдуу экспорттоо маселелери

Sputnik
Учурда Кыргызстанда буга чейин экономиканын маанилүү тиреги болуп келген жеңил өнөр жай тармагы бир топ кыйынчылыктарга туш болууда. Айрыкча тигүүчүлөр үчүн негизги базар болуп эсептелген Россияга экспорт жүргүзүү маселеси курч бойдон калууда. Акыркы мезгилде продукцияны мыйзамдуу жол менен, Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына ылайык алып чыгуу зарылдыгы ишкерлер үчүн кошумча тоскоолдуктарды жаратты.
Сертификация, маркировка, бажы жол-жоболору, логистика жана кошумча чыгымдар көптөгөн чакан жана орто тигүү ишканаларынын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө. Мындан улам айрым ишканалар өндүрүш көлөмүн кыскартып, айрымдары экспорттон таптакыр баш тартууга аргасыз болууда.Маекте ушул шартта жеңил өнөр жайдын бүгүнкү реалдуу абалы кандай, Россия рыногуна мыйзамдуу жол менен чыгууда кайсы проблемалар негизги болуп жатат, ЕАЭБдин талаптарына ылайык иштөөгө өтүү тармак үчүн мүмкүнчүлүкпү же кошумча тобокелдикпи, мамлекет жана ассоциациялар бул жагдайда ишкерлерди кантип колдой алат, мамлекет эмнеге муну алдын алган жок деген суроолорго жооп алууга аракет кылдык.