Диний чөйрөнү иретке келтирүү: мыйзамдын маңызы жана практикалык колдонулушу

Sputnik
Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып биринчи окуудан өтүп, мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам долбооруна көп тармактар камтылган. Ошол эле диний билим алуу, диний насаатчылык, диндин түрлөрү жана башка маселелер жалпы иретке келтирилген. Учурда 18 жашка чыга элек өспүрүмдөрдүн чет мамлекетте диний билим алуусуна чектөө киргизген мыйзам долбоору кароодо турат. Буга себеп билбестиктен айрым ата-энелер балдардын туура эмес диний окууларга берип же андан улам жаш баланын психологиясына доо келген учурлар да катталган. Программанын алкагында биз Кыргызстандагы диний кырдаал, мыйзамдын практика жүзүндө иштеши, диний билим берүү тармагы тууралуу баарлаштык. Учурда өлкөдө 222 диний билим берүү объект бар.