Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Европа Зеленскийди согушууга шыкактап жатат. Лавровдун Федерация кеңешиндеги сөзү

Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Европа Владимир Зеленскийди акыркы украиналык калгыча Россия менен тирешүүгө шыкактап жатат. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Федерация кеңешиндеги "өкмөттүк саатта" билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, европалыктарга бул үчүн көп акча керек, ошондон улам алар Россияны талап-тоноого аракет кылышууда.
"Европа украин жетекчисин, анын айланасындагыларды акыркы украиналык калгыча согушту улантууга түртүп жатат. Анткен менен азыр каражат тартыш болгондуктан, эл аралык нормаларды бузуу менен Россияны карактоодон башка айласы калган жок. Бул согушту каржылоого акча ала турган жери калбай калды", — деди Лавров.
Министр Украинадагы абалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу процессине да дал ушул Европа жолтоо болуп жатканын белгиледи.
"Батыштын өзүндө азыр ырк жок, буга президент Трамптын Европа макулдашууну жайлатып жатат деген кинеси ачык далил. Келишим украин маселесин жөнгө салып, чырдын баштапкы себептерин жоймок. Бирок Европа процессти атайылап создуктурууда", — деди ТИМ башчысы.
Ал ошондой эле Россиянын Европа менен согушуу ниети жок экенин белгиледи.
Трамп: Европаны өз саясаты кыйратышы мүмкүн